Ректор, профессор Мамашарип Мамытович Чотоновдун Карыялардын эл аралык күнүнө карата КУТТУКТООСУ

Ардактуу окуу жайыбыздын ардагер агай-эжейлери!

Кутман карыялар!

Сиздерди бүгүнкү, 1-октябрь – Карыялардын эл аралык күнү менен куттуктайм!

Маданият жана искусство тармагындагы окуу жайлардын флагманы болгон биздин университеттин түптөлүшүнө, калыптанышына жалындуу жаштыгыңыздарды арнадыңыздар! Биздин окуу жай үчүн ар бириңиздердин ат көтөргүс эмгегиңиздер бар. Сиздер баскан жол – биз үчүн ар дайым үлгү, өрнөк. Сиздердин карылыкты биз мээнеттүү жаштыктын артынан келген дөөлөттүү, нарктуу-барктуу, тарых барактарында алтын тамгалар менен жазылып кала турган кутман карылык деп билебиз. Буга устаттык улуу жолуңуздар, сиздерден таалим-тарбия алып, өнөр, илим-билим үйрөнүп, бүгүн маданиятка албан эмгек сиңирип жаткан студенттериңиздер күбө. Бул жол – жаштарды шыктандырып, алга сүрөй турган, «Биз да ушулардай болсок», – деп кыялданта турган залкар жол. Демек, сиздердин жаштыгыңыздар текке корогон жок.

«Карылык – акылмандыктын башталышы», – делинет Чыгыш философиясында. Дегеним, жаш канчалык өйдөлөгөн сайын акыл да ошончолук курчуп, жаш кезде кетирген айрым каталар, жаңылыштыктар, улуулардан уккан насааттар тажрыйба катары жардамга келет эмеспи. Ошол себептен: «Карынын кебин капка сакта» – деген даанышман бабалар. Бүгүн сиздер ошондой кутман куракка келип, андагы мээнеттин үзүрүн көрүп, төрүбүздүн көркү, окуу жайдын куту болуп, кийинки муундарга жол көрсөтүп, окуу жайга жаштардан кем калышпаган жигериңиздер менен да, турмуштан эленип чыккан асыл акылыңыздар менен да, бай тажрыйбаңыздар менен да опол тоодой салым кошуп келесиздер. Андыктан, биздин окуу жай үчүн ар бириңиздердин ордуңуздар ар дайым бийик, ар дайым ардактуу. Сиздер биздин окуу жайдын көркүсүздөр! «Карысы бардын ырысы бар», – деген накыл кептин төркүнү дал ушунда жатат.

Бар болуңуздар, биздин кутман карыяларыбыз! Окуу жайдын көркүнө көрк кошуп, жаштарга нуска болуп, жол көргөзүп, акылман насаатыңыздар менен алга сүрөп, ак эмгектин үзүрүн көрүп, жемишин татып, катарыбызда узак жана дөөлөттүү өмүр сүрүңүздөр! Ден соолугуңуздар бекем болуп, жигериңиздерден жанбаңыздар!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: