КЕМЕРОВО МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК КЕЛИШИМИ ТҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 31-октябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор Мамашарип Чотонов менен Кемерово мамлекеттик Маданият институтунун ректору Александр Шунков «Окуу жайлар арасында билим берүү, чыгармачылык жана илимий кызматташтык жөнүндө» Келишимге кол коюшту.

Келишимге ылайык, мындан ары аталган окуу жайлар студенттерди кыска мөөнөттүү тажрыйбалык окууларга жөнөтүп туруу, аспиранттарды окутуу, илимдин кандидаттарын, докторлорун биргелешип даярдоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуучу курстарды, илимий-тажрыйбалык конференция, симпозиумдарды, чыгармачылык гастролдорду, фестивалдарды чогуу уюштуруу сыяктуу багыттарда кызматташат.

Белгилей кетсек, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, профессор Мамашарип Чотонов окуу жайлар аралык кызматташтыкты арттыруу жана Кемерово мамлекеттик Маданият инстиуту уюштурган «Аймактык маданиятты өнүктүрүү: Мамлекеттик саясаттын стратегиялык багыты жана коомдук демилге» аттуу Эл аралык илимий-тажрыйбалык конференцияга катышуу максатында Кемерово облусуна жөнөп кеткен.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: