КАЗАН МАМЛЕКЕТТИК МАДАНИЯТ ИНСТИТУТУ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫК МАКУЛДАШУУГА КОЛ КОЮЛДУ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов менен Казан мамлекеттик маданият институтунун ректору Роза Ахмадиева эки тараптуу кызматташтык боюнча макулдашууга кол коюшту.

Макулдашууга ылайык, эки окуу жай мындан ары илимий-практикалык, окуу-усулдук, чыгармачылык тармакта тыгыз кызматташып, тажрыйба жана маалымат алмашуу, кесипкөй адистерди кайра даярдоо, студенттерди, мугалимдерди кыска мөөнөттүк курстардан окутуу, эл аралык илимий-практикалык конференция, симпозиум, семинар, чыгармачылык фестиваль, кароо-сынак, жүрүштөрдү өткөрүү сыяктуу көптөгөн багыттарда биргелешип иш алып барат.

Белгилей кетсек, 2020-жыл – Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак кызматташтык жылынын алкагында маданий кызматташтыкты чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жетектеген маданият өкүлдөрү Татарстан мамлекетинин борбору Казан шаарына барып кайтышты.  

          

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: