КЫРГЫЗ ТЕАТРЫ ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТУУ КИТЕП

 

2018-жылдын 25-сентябрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Театр жана кино» факультетинин «Режиссура жана актердук чеберчилик» кафедрасы окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип ЧОТОНОВдун, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор Камчыбек ДҮШАЛИЕВдин, КРнын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Искусствону өнүктүрүү» башкармалыгынын адиси Тыныбек СЫДЫКОВдун, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Назым МЕНДЕБАИРОВдун, китеп борборунун директору Смальтбек ТЕМИРАЛИЕВдин жана ошондой эле кафедранын мугалимдеринин жана студенттеринин катышуусунда драматург, театр таануучу, театр сынчысы, журналист, котормочу, публицист Жаныш КУЛМАМБЕТОВдун «Кыргыз театры» аттуу китебинин бет ачарын өткөрдү.
Аталган иш-чара Жаныш Кулмамбетовдун «Кыргыз театры» китебинин негизинде даярдалган, кыргыз театры тууралуу чакан тасма менен башталып, андан соң иш-чаранын катышуучулары китеп жөнүндө баяндама жасашып, жылуу пикирлерин билдиришти.

 

       

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: