МУГАЛИМДЕРДИН БИЛИМ ДАРАЖАСЫН ЖОГОРУЛАТУУ КУРСУ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана икусство университетинин окутуучу-профессорлорунун жана администрация кызматкерлеринин билим даражасын жогорулатуу, мамлекеттик аккредитациядан өткөрүү иштерине алдын ала даярдоо максатында окуу жайдын жетекчилиги тарабынан уюштурулган кыска мөөнөттүк окутуу курсу өз ишин жыйынтыктады.  

Окутуу иштерин «Билим-Стандарт» көз карандысыз аккредитациялоо агенттиги» коомдук фондунун серепчилери «Окутуу усулдары» жана «Аккредитация стандарттары» программаларына ылайык жүргүзүшүп, өздөрүнүн теориялык билимдери, практикалык сунуштары менен бөлүшүштү. Жемиштүү чыгармачыл иштен кийин бардык катышуучуларга билим даражасын жогорулатканын тастыктаган атайын сертификаттар тапшырылды.

Белгилей кетсек, илимий-педагогикалык жана административдик-башкаруучу кызматкерлердин билим даражасын жогорулатуу университеттин адистик саясатына кирет жана билим сапатын жогорулатуунун эң маанилүү фактору катары каралат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: