КОМПОЗИТОРЛОР СОЮЗУНУН 80 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 6-ноябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Композиторлор союзунун 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференция болуп өттү.

Ага окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов, КР Композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев жана бир катар Эл артисттери, Эмгек сиңирген артисттер, белгилүү композиторлор, музыка изилдөөчүлөр катышып, композиторлор союзунун тарых-таржымалы, анын ачылуусунун негизги себептери, өнүгүү тенденциялары, союздун улуттук музыкага кошкон салымы, учурдагы абалы тууралуу баяндамалар жасалып, Турдубек Чокиевге сунуштар берилди. Иш-чаранын жүрүшүндө Композиторлор союзунун тарыхын чагылдырган чакан тасма көрсөтүлүп, студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: