Ректор, профессор Мамашарип Мамытович ЧОТОНОВдун 9-сентябрь – Комуз күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу окуу жайдын жалпы жамааты, студенттер!

Кадырман өнөрпоздор!

 Бүгүн, 9-сентябрь – Комуз күнү менен жалпыңыздарды куттуктайм!

Кылымдар бою муундан муунга мурасталып келаткан улуу өнөрлөрдүн бири – комузчулук, күүчүлүк өнөр. «Комуз – тирүү аспап» делинет. Тирүүлүгү ушунда – бир караганга жөнөкөй, жупуну, жөн эле кыл тагып койгон жыгач буюм сыңары көрүнөт, а бирок чертиле келсе, сөз менен айта алгыс керемет маанини, ойду, туюмду ошол үч кыл аркылуу ааламыңды аңтара так-таамай сүйлөп берет. Авазына кулак төшөсөң, тарых, санжыра, уламышты да, арман, жыргалды да, күйүт, үмүт, сүйүүнү да, айтор, кылымдардын катмарында камтылып жаткан кыргыздын не бир укмуш сырларын туясың. Комуз күүсүнүн касиети – ушунда.

Биздин окуу жай – Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети да салттуу өнөрдү сактап калуу, улуттук мурастарды жайылтуу максатында көптөгөн иштерди жасап келет. Ушул куттуу уядан учуп чыккан Самара Токтакунова баштаган залкар комузчулар, күүчүлөр, өнөрпоздор – биздин бул жаатта жасап жаткан аракетибиздин айныксыз күбөсү. Улуттун улуулугун даңазалаган, кыргыз элине гана энчи болгон ушул өнөрдү атадан балага, устаттан шакиртке аздектеп өткөрүп берүү салты бүгүн да бар, мындан ары да улана бериши керек. Ушул жолго кызыгып, канат кагып талпынган улан-кыздардын улуу өнөрдү аркалоосуна, бабалардын байыркы мурасын алып жүрүүсүнө салым кошуп жаткан агай-эжейлерге ыраазычылык билдирем!

Кыргызстандагы комузчу-күүчүлөрдү, жалпы эле өнөрпоздорду бүгүнкү майрамы менен дагы бир жолу куттуктап, ишиңиздерге, чыгармачылыгыңыздарга ийгилик каалайм! Эмгегиңиздердин акыбети эселеп кайтып, эртеңки тарыхка атыңыздар алтын тамгалар менен жазылып калышын тилейм! Бабадан калган баалуу өнөрдүн изи жоголбосун, аты өчпөсүн!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: