КОРЕЯГА КОЮЛГАН КОНЦЕРТ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын окутуучулары: кафедра башчысы Самат КӨЧӨРБАЕВ, окутуучулар Бек АЛАГУШОВ, Эдил ҮСӨНБЕК уулу, Махабат КӨБӨГӨНОВА Корей мамлекеттик «АЗИЯ МАДАНИЯТЫ» борборунун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 19-ноябрынан 25-ноябрына чейин Корей Эл Республикасынын Куванжу шаарына барып келишти.

Иш-чаранын негизги максатына ылайык корей элинин атактуу уламышын улуттук музыкалык аспаптарынын коштоосунда, кыргыз улуттунун айтуучулук чеберчилигинин негизинде аткарышып (симфония жаратып), жана  ошондой эле кыргыздын улуттук музыкасын корей элине тартуулап, концерт беришти. Муну менен катар аталган күндөрү ошол эле шаардагы барган коноктордун (жогоруда атаган окутуучулардын) урматына өзгөчө жасалга менен уюштурулган «Манас» эпосунун сүрөт жана видео  көргөзмөсүнө катышышты.

       

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: