ҮЧ ЖУМАЛЫК КАНИКУЛ УЧУРУНДА ЖАСАЛА ТУРЧУ ИШТЕР ТАЛКУУЛАНДЫ

Бүгүн, 16-мартта Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов коронавирус илдетинин Кыргызстанда да катталбашынын алдын алуу максатында КР Коопсуздук Кеңешинин чечиминин негизинде үстүбүздөгү жылдын 16-мартынан 8-апрелине чейин мөөнөтүнөн мурда каникул жарыялоо жөнүндө Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу боюнча чукул жыйын өткөрдү.

Жыйында каникул учурундагы иш-чараларды иштеп чыгуу, окууну үзгүлтүккө учуратпоо маселери каралып, анын негизинде атайын онлайн сабактарды, дистанттык окууларды уюштуруу, анүчүн окуу жайдын расмий сайтын пайдалануу, ошондой эле окуу жайдын имаратынын жана жатаканасынын аймагына карантиндик абал жарыялоо чечимдери кабыл алынып, аткарылышын көзөмөлдөө иштери тиешелүү тараптарга милдеттендирилди.

Белгилей кетсек, үч жумалык каникул учурунда жалпы базалык сабактардын дарстары окуу жайдын kguki.kg сайтына жайгаштырылат, ал эми чыгармачылык-машыгуу сабактарын ар бир окутуучу өзүнүн ыңгайына жараша онлайн негизде, же аудио-видео форматта өткөрөт.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: