КОРОНАВИРУС БОЮНЧА ТҮШҮНДҮРҮҮ ИШТЕРИ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Бүгүн, 12-мартта Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин мамлекеттик тил, чыгармачылык жана тарбия иштери боюнча проректору Элмира Турганбаева жана окуу имаратынын коменданты Тинатин Молдобаева студенттер менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда учурда дүйнө жүзүнө жайылып, коркунуч туудуруп жаткан коронавирус илдети жана башка жугуштуу оорулар боюнча маалымат айтылып, андан сактануунун жолдору, дегеле тазалык маселери тууралуу түшүнүк берилди.

Белгилей кетсек, жугуштуу оорулардын, анын ичинен коронавирустан сактануу боюнча атайын аракеттер ушул жылдын март айынан бери жүргүзүлүп келет.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: