ЖЕМКОРЛУККА ЖОЛ БЕРБЕЙБИЗ

2018-жылдын 25-октябрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында  ректорат тарабынан чукул чакыртылган, окуу жайдын проректорлорунун, декандарынын, кафедра башчыларынын катышуусундагы «Жемкорлукка каршы күрөшүү» боюнча кезексиз отурум болуп өттү. Отурумду окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Мамытович Чотонов жетектеп, студенттер тарабынан түшкөн купуя даттануулар тууралуу жалпы катышуучуларга маалымат берди.

Ректордун айтымында: айрым мугалимдер билим берүүнүн моралдык-этикалык нормаларын одоно бузганы, мыйзамга жат иштерди жасаганы, айталы, сабак учурунда студенттерге көңүл бурбай чөнтөк телефондору менен алек болуусу, сабакка кечигип кирүүсү, же сабак мөөнөтү аяктай электе чыгып кетүүсү, сабак өтүүсү талапка жооп бербегени, даярданбай келүүсү, сынак учурунда студенттерден пара талап кылуу күмөнүнүн жаралышы сыяктуу жагдайлар боюнча студенттер тарабынан купуя кайрылуулар түшкөн.

«Мени өзгөчө тынчсыздандырганы биздин маданият деген макамды алып жүргөн, чыгармачылыктын очогу болгон окуу жайда моралдык-этикалык нормалардын сакталбаганы, коррупцияга жол берилиши. Студенттердин купуя кайрылуулары мени аргасыз ишендирүүгө алып келүүдө. Эми ар бир факультеттик сааттарда жемкорлуктун алдын алуу боюнча студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүшүн декандардан талап кылам. Бул боюнча чукул чараларды көрүшүбүз зарыл», – деди Мамашарип Мамытович кебин андан ары улантып.

Ал эми аталган окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Калыбек Кемелович Түлөбердиев: «Мугалимдердин компетенттүүлүгүнө көңүл буруу керек. Коррупцияга каршы күрөш боюнча жалаң эле студенттерге эмес, мугалимдердин өздөрүнө да түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсөк болбойт. Жумушка кечигип келүүлөр, же эрте чыгып кетүүлөр орун алып жатканы жашыруун эмес. Кийинки айдан баштап табелдер чип аркылуу гана толтурулат. Мындай окуу жайдын беделине доо кетире турган жат көрүнүштөрдүн тыкыр көзөмөлгө алынышын талап кылалы», – деди.

Күн тартибине коюлган маселе башка катышуучулар тарабынан да талкууланып, жыйынтыгында бир добуштан төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. Ар бир факультеттик саатта коррупцияга каршы күрөшүү боюнча студенттерге түшүңдүрүү иштери жүргүзүлсүн.
  2. Кафедралык жыйындарда мугалимдерге да катуу эскертилсин.
  3. Мугалимдердин ачык сабак өтүүлөрү, бири-биринин сабактарына катышуулары жалпы кафедралык планга киргизилсин жана аткарылышы тыкыр көзөмөлгө алынсын.

 

P.S.: Аталган окуу жайдын ректораты эгер окуу жайда жогоруда белгиленгендей жагдайлар орун ала турган болсо, 0(312) 57-03-79 номерине кайрылууларын өтүнөт. Ар бир кайрылуунун анонимдүүлүгү сакталуу менен тиешелүү чаралар көрүлөрүн эскертет.

 

ЖЕМКОРЛУККА КАЙДЫГЕР КАРАБАЙ, БИРГЕ КҮРӨШӨЛҮ!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: