Алган сыйлыктарыңыздар куттуу болсун!

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин  Окумуштуулар кеңеши:

— Театр факультенин ага окутуучусу, Д. Куйукова  атындагы  жана  К. Жантөшев  атындагы  Мамлекеттик  эл аралык сыйлыктардын ээси Макеева  Кундуз Турдубековнаны,  «Насаатчы» эл аралык коомдук фонду тарабынан кыргыз маданиятына кошкон  салымы, коомдук иштерге жигердүү катышкандыгы, өзүнүн жүрүш-турушу менен өрнөк болгондугу үчүн «Ардактуу Мугалим» төш белгисин  жана «Ардак Грамотасы» менен;

— Тил кафедрасынын башчысы Чекеева Бегайым Саматовнаны Кыргыз Республикаснын Президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия тарабынан берилген  «Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил» макалалар сынагына  жигердүү катышкандыгы үчүн алган Диплому, Алтай Мамлекеттик маданият  институту тарабынан алган  сертификаты;

— Тил кафедрасынын ага окутуучусу  Анарбаева Гульзат Акматовнаны Алтай Мамлекеттик маданият  институту тарабынан берилген сертификатын    официалдуу  тапшырып  куттукташты.

Урматтуу кесиптештер! Сиздерди алган сыйлыктарыныздар менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан ары да,  ары түйшүктүү, ары оор, изденүүну талап кылган мугалимдик кесибиңиздер бийик баалана берсин. Сиздерге чын ден соолук, чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Келе жаткан Жаны жылыныздар менен!