Ректор, профессор Мамашарип Мамытович Чотоновдун Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата куттуктоосу

Кадырман калайык!

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди 9-май – Улуу Жеңиш майрамынын 76 жылдыгы менен куттуктайм!

Кан күйгөн андагы апаат күндөрдүн карааны канчалык алыстаган сайын, кадыры ошончолук арта берет. Ушул күн мени, сени, сизди, бизди – баарыбызды эрдикке шыктантып, эркиндиктин, бейпилдиктин баа-баркын сездирген күн болууга тийиш. Бул күн кандай келгенин баарыбыз билүүбүз, ушул күндү бизге алып келген баатыр аталарды, каарман апаларды ар дайым сыймык менен эскерүүбүз зарыл. Өзүбүз эле эскерип койбой, улам кийинки муунга маанисин, маңызын жеткирип туруу, аларды мекенчилдикке шыктантып туруу милдетибиз. Андагы эрдик көрсөткөн «тирүү эстелик» аталардын, апалардын катары азайгандан азайып, ал күндү көргөндөр, эсине салып айтып бере тургандар калбай баратат. Демек, ал күндү айтып берип туруу, эскертип туруу милдети бизге жүктөлөт.

Бул күндү эстөөнүн башкы максаты бейпилдиктин канчалык маанилүү экенин туюнуп, тынч, бакубат жашоого баарыбыз жабыла салым кошуу болуп саналат. Андагы апаат кайра кайталанбасын, жерибизде тынчтык өкүм сүрсүн, эл эркиндигинен айрылбасын, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиев айткандай, «ый угулбай көчөлөрдөн, эшиктен, ыңааласын наристе үнү бешиктен; көркү болсун комбайндар талаанын, көрсөтпөсүн танкалардын караанын; короолордо коргошун ок болбосун, койдун гана коргоолдору ойносун», — деп тилек кылалы. Ылайым, апаат күндөр, алаамат күндөр карт тарыхтын бүктөмдөрүндө, чыгармаларда гана калсын! Жерибизде, элибизде тынчтык болсун!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: