ИШИҢДИ ИЙГИЛИК КОШТОСУН!

2018-жылдын 14-майынан 19-майына чейин Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн «МАДАНИЙ БААЛУУЛУКТАРДЫ САКТОО ЖАНА ЖАЙЫЛТУУ» аталышындагы КМШ мамлекеттер аралык жаштардын маданий форумуна Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жана Кыргыз Республикасынын атынан аталган окуу жайдын «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын 5-курсунун студенти Айкут НУРМАНБЕТОВА да катышып, форумдун алкагында «ЖАШ ЫКТЫЯРЧЫЛАР САЛТУУ МАДАНИЯТТЫ САКТОО АРАКЕТИНДЕ» деген темада баяндама жасап, улуттук аспаптарда өнөрүн тартуулап келди. Иш-чаранын жүрүшүндө форумга жигердүү катышканы үчүн атайын сертификат менен сыйланды.

Андыктан, аталган форумга катышып, ийгилик менен келгени үчүн Айкут НУРМАНБЕТОВАны окуу жайыбыздын атынан куттуктайбыз! Кең келечек, чыгармачылык жигер каалайбыз! Келечекте дагы да ийгиликтерди багынта беришине тилектешпиз!

       

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: