Ректор, профессор Мамашарип Мамытович Чотоновдун Маданият кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу окуу жайыбыздын жалпы жамааты!

Ардактуу маданият ишмерлери!

2-ноябрь – Маданият кызматкерлеринин күнү менен жалпыңыздарды чын дилимден куттуктайм!  

Дал ушул күнү алгачкы ирет кесипкөй (профессионал) маданият кызматкерлерин окутуп-тарбиялоо процесси башталган. Дал ушул күнү заманбап шарттагы, жаңыланган доорго ылайыкташкан искусство ишмерлерин калыптандыруу жанданган. Биз бүгүн ошол аталарыбыз, апаларыбыз түптөп кеткен улуу жолду улантуунун аракетиндебиз. Маданият жана искусство тармагындагы жогорку окуу жайлардын флагманы болгон биздин университеттин түптөлүп, өз ишин ары карай улантып кетишине да ушул күндүн түздөн түз салымы бар деп билебиз.

Адамзатты тарбиялоодо, аны калыптандырууда маданияттын орду өтө жогору. Ошол себептен «Маданият – коомдун күзгүсү», – деп, даанышмандар ташка тамга баскандай таасын белгилеп коюшкан. Болбосо, «Мамлекетти жок кылгың келсе, адегенде маданиятын талкала», – деген Батыш акылмандары. Демек, өлкөнү да, улутту да өзөгүнөн тайдырбай кармап келаткан улуу күч – маданият болуп эсептелет.

Байыртан бабаларыбыз өзүнүн улуттук маданиятын каада-салты, нарк-насили, өнөрү, дегеле койчу, айтып бүткүс баалуулуктары менен бекем ширеп, улуу ойлору – жомоктору, «Манас» баштаган эпос-дастандары, терме-санаттары, макал-лакаптары аркылуу муундан-муунга мурастап, урпагынын кийинки жашоосуна үлгү кылып сунуп келди. Дегеле, бабалардын артыкчылыгы – өлүү дүнүйөгө эмес, тирүү дүнүйө – руханий, жан дүйнө байлыгына умтулуп келгенинде. Ошол себептен жок болуп кетпей, улуу эл катары, байыркы эл катары өзөгүбүздөн жазбай бүгүнкү күнгө жеттик.

Өкүнүчтүү жагдай, бүгүн ата-бабабыз түптөп кеткен ошол улуу маданиятты эски деп жерип, башкалардын баам-парасатсыз жорук-жосунун маданият катары туу тутуп келаткандар да жок эмес. «Өзөгүңө кайт» деген таасын кеп бар. Анын сыңары, өзөктү өзгөдөн эмес, өзүбүздөн издесек, балким өнүккөн өлкөгө айланмак чыгарбыз.

Урматтуу окуу жайдын окутуучу-профессорлор жамааты!

Бизге эртеңки улуттун уңгусун түптөө озуйпасы берилген. Бизге өнөр дүйнөсүндө өзгөчө орду бар, бийик маданияттуу, баам-парасаттуу адамды калыптандыруу, тарбиялоо милдети жүктөлгөн. Андыктан, жигерибизден жанбай, руханий маданиятты, эртеңки муунга мурас болуп калар маданиятты калыптандыруу үчүн жан үрөп иштей берели. Дегеле, көкүрөгүбүздө ар дайым «Биз – бийик маданияттын үлгүсүбүз» деген сыймык жашасын. Ден соолукта болуп, жигериңиздерден жанбай, узак өмүр сүрүңүздөр!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!      

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: