МАЭСТРОДОН МАСТЕР КЛАСС

2019-жылдын 28-мартында Кыргыз Эл  артисти, Бишкек шаардык  мэриясынын  эл  аспаптар  оркестринин жана К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын симфониялык оркестринин башкы дирижеру Бакыт ТИЛЕГЕНОВ Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын студенттик оркестринин студенттери жана окутуучулары менен жолугушту. Жолугушууда маэстро өзүнүн дирижерлук, музыканттык ыкмалары боюнча атайын сабагын өтүп, теориялык да, практикалык да усул көргөзүп берди. Аталган чеберчилик сабак жалпы катышуучуларга жакшы маанай тартуулады.

Маэстрого терең  ыраазычылык билдирип, чыгармачылык  ийгилик, кажыбас кайрат каалайбыз!

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: