РЕКТОР, ПРОФЕССОР МАМАШАРИП МАМЫТОВИЧ ЧОТОНОВДУН МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА КУТТУКТООСУ

Урматтуу Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик

маданият жана искусство университетинин

жалпы жамааты жана студенттер!

Кадырман мекендештер!

Сиздерди бүгүнкү «Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили» Мыйзамынын кабыл алынганынын 31 жылдыгы – Мамлекеттик тил майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

Байыркы бабалардан бизге мурас болуп келген баалуулуктардын бири –Эне тилибиз. Ушул тил кылымдардын кыйырынан, доорлордун катмарынан калкып өтүп, өз ордун, өз баалуулугун жоготпой бизге чейин келип жетти. Тарых барактарынан окуп билгендей, башка элдин, улуттун таасири, басымы астында калып, жок болуп кеткен, же кокту-колот деңгээлинен чыга албай, өлүүгө айланган көптөгөн тилдер бар. Биздин бактыбыз ушунда: канчалаган басымдар, таасирлер болсо да, өз улутубуздун тилин жоготпой сактап келдик. Алыс барбай эле кечээки Советтер Союзунун учурун алып көрөлү. Демек, бул – биздин тил мындан ары да өз калыбын жоготпой, сакталып кала берерине далил.

Албетте, эне тилдин маанисин бузбай, шаанисин качырбай сактап, кадырын арттырып келе жаткан атуулдарын ири алдында биз – өнөр адамдары турганыбыз жалпыга маалым. «Манас» эпосу баштаган бай казынабыз, баалуу руханий мурастарыбыз эне тилибизде айтылып, эне тилибизде жар салынып келди. Мындай тилин да, дилин да, баалуулуктарын да өнөрү аркылуу сактап келген уникалдуу улуттар чанда.

Бүгүн биз ошол улуу мурастарды жаратуучулардын улантуучулары, урпактары катары эне тилдин касиетин бекем сактоого милдеттүүбүз. Буюрса, эне тилибиз – кыргыз тилибиз дүйнөлүк маданияттын, илим-билимдин, заманбап технологиянын тили да болот деген ишенимим зор. Ага биздин окуу жай да өз салымыбызды кошуубуз абзел. Улуттун улуулугун өз тилинде даңазалаган татыктуу урпактардан бололу!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!    

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: