Б. Бейшеналиева атындагы КММИУ менен «Марал» телерадио компаниясы кызматташуу келишимине кол койду

«Марал» телерадио компаниясы менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети кызматташа турган болду.  Бул жааттагы келишимге компаниянын директору Акынбек Эргешов жана университеттин ректору, профессор Мамашарип Чотонов кол койду.

Келишимдин шарттарына ылайык, тараптар маданий-чыгармачылык, окуу-практикалык, маалымат алмашуу жаатында биргелешип иштешет. Айрым бир иш-чараларды биргеликте уюштурат, чыгармачылык-маалыматтык жактан бири-бирин колдоого алат.

Мындан тышкары келишимде окуу жай студенттерин мамлекеттик практикасын өтөтүү үчүн «Марал» телерадио компаниясына жөнөтүп туруу, чыгармачыл студенттерди эфирлерге конок катары чакырып туруу да каралган. Ошол эле учурда компания уюштурган иш-чараларда окуу жайдын студенттери чыгармачылык, оюн-зоок жактан колдоого алып турары макулдашылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: