РЕКТОР МАМАШАРИП ЧОТОНОВ МОСКВА ШААРЫНА ИШ САПАР МЕНЕН БАРЫП КЕЛДИ

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору Мамашарип Чотонов үч күндүк иш сапар менен Москва шаарына барып кайтты.

Иш сапардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эриш-аркак кызматташтык жылынын алкагында уюштурулган эки өлкөнүн президенттери катышкан чоң программадагы концертке күбө болду.

Андан соң 28-февралда Москва мамлекеттик маданият институтунун ректору Арсений Миронов менен кызматтык жолугушуу өткөрдү. Алгач окуу жайдын имараты, материалдык-техникалык базасы менен таанышып чыккан соң, окуу жайлар аралык кызматташтык маселеси сүйлөшүлдү. Мунун натыйжасында чукул арада окуу жайлар аралык кызматташтык боюнча келишим түзүү маселеси макулдашылды.  

Муну менен катар, ошол эле күнү С. Герасимов атындагы Бүткүл Россиялык мамлекеттик кинематография институтунун ректору Владимир Малышев менен да жолугушту. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: