ЖАНУЗАК МОЛДОБАЕВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телекөрсөтүү факультетинде Жанузак Молдобаев атындагы сыйлыкты тапшыруу салтанаты өттү. Ага окуу жайдын ректору Мамашарип Чотонов да катышып, студенттерге куттуктоо жолдоду.

Сыйлыкка тандоо сынактык негизде өтүп, натыйжада төмөнкү студенттер жеңүүчү деп табылды:

«Мыкты дебют» номинациясы боюнча — Адыл Нышанов жана Эсенбаев Фархат;

«Мыкты клип» номинациясы боюнча — Артур кызы  Айтурган;

«Мыкты очерк» номинациясы боюнча — Нуркыз Жээнтаева;

«Мыкты оператор» номинациясы боюнча — Шайзаков Аброр;

«Мыкты режиссёр» номинациясы боюнча — Асель Умуралиева;

«Эл сүймөнчүгү» номинациясы боюнча — Эламан Максатбек уулу.

Эске салсак, белгилүү телережиссёр, аталган окуу жайдын доценти Жанузак Молдобаевдин көзү өткөндөн кийин анын атынан сыйлык уюштуруу өзү иштеген факультет (азыркы кино жана телевидение факультети) тарабынан демилгеленип, ишке ашырылган. Алгачкы сыйлык 2011-жылы берилген. Салтка айланган саамалык быйыл IX ирет тапшырылып жатат.  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: