Калый Молдобасановдун 90 жылдык маарекесине карата

Кыргыз элинин залкар композитору Калый Молдобасановдун 90 жылдык маарекесине карата 2019-жылдын 11-апрелинде Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги “Музыка”факультетинин деканы, “Жалпы фортепиано” кафедрасынын башчысы Гулмира Бексултановна Жакиеванын жетекчилигинин астында концерт болуп өттү. Концертке университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер катышты.

К. Молдобасановдун өмүр баяны, чыгармачылыгы жөнүндө докладдар окулуп, 1-курстан 4- курска чейинки студенттер фортепианодон,  К.Молдобасановдун фортепиано үчүн жазылган “24 пьесасы” баардыгы тең жогорку деңгээлде аткарылды.

“Жалпы фортепиано”кафедраснын башчысы Гулмира Бексултановна Жакиева, окутуучулар Галина Григорьевна Цой, Елена Васильевна Северина, Гүлжан Бактыбековна Алымкуловалардын талыкпай иштеп жаткан эмгегинин натыйжасы экени анык.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: