Ректор, профессор Мамашарип Мамытович Чотоновдун Мугалимдердин эл аралык күнүнө карата КУТТУКТООСУ

Урматтуу окуу жайыбыздын мугалимдери!

Ардактуу агай-эжейлер!

Сиздерди бүгүнкү Мугалимдердин эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!

«Мугалимдик – кесиптердин төрөсү» делинет. Себеби кандай гана кесиптин ээси болбосун, ал сөзсүз мугалимден үйрөнөт. Мугалим – муундун тарбиячысы, коомдун агартуучусу. Ал адам жөн гана сабак өтүп гана койбостон, шакиртине насаат айтып, таалим берип, келечек багытын аныктоого көмөк көргөзөт. Биздин кесип ушундай артыкчылыктары менен баалуу, ушундай өзгөчөлүктөрү менен ардактуу. Андыктан, ары түйшүктүү, ары ырахаттуу кесипти аркалап келаткан агай-эжейлердин катары суюлбашын тилейт элем.

Ардактуу окуу жайдын окутуучу-профессорлор жамааты!

Быйылкы жыл биз үчүн сыноо жылдардын бири болду. Дүйнө жүзүн каптаган коронавирус тумоосу калыптанган окуу процессин түп-тамырынан өзгөртүп, жаңыча багытта билим берүүгө аргасыз кылды. Катаал, татаал шарттарга карабастан кырдаалды ынтымак жана биргелешкен иш-аракет менен тез арада жолго салып кете алдык. Көрсө, биздин күчүбүз, биздин ынтымагыбыз жеңбеген бир да тоскоолдук жок экен. Бир жагынан бул биздин кадыр-баркыбызды мурдагыдан да жогорулатып, ордубуздун канчалык бийик экенин коомго далилдеди. Мен ушуну баса белгилегим келет.

Маданият жана искусство тармагындагы окуу жайлардын көч башында турган биздин окуу жайдын отун өчүрбөй, кутун сактап келаткан сиздерсиздер! Болочок өнөрпоздор биз аркылуу маданият дүйнөсүнө, искусство чөйрөсүнө жол алат. Бүгүнкү үйрөнчүк өнөрпоздун келечек залкар болуп чыгышына кошкон салымыбыз өзгөчө зор. Андыктан, ушул устат деген атка көлөкө түшүрбөй, ордун, кадырын бийик сактап өтүшүңүздөрдү ар бириңиздерге тилейм.

Ылайым, окуткан студенттериңиздердин чабалы болбосун, сиздердин билим аркылуу окуу жайдын даңкын чыгарган өнөрпоз шакирттердин катары калыңдай берсин! Баарыңыздарга бекем ден соолук, кажыбас кайрат, чаалыкпас дем-күч каалайм!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН! 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: