МАДАНИЯТКА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР ЭРЖАН МУСИН ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2019), КР Президентинин Ардак грамотасынын сыйлануучусу (2009), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доцентинин милдетин аткаруучу, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын ага окутуучусу, Бишкек шаарындагы «Достук» ансамблинин солисти, таланттуу ырчы, таасын педагог Эржан Мусин узакка созулган оорудан 61 жашында көз жумду.

Эржан Мусин 1958-жылы Казакстандын Алматы облусунда туулган. 1976-1980-жылдары Пржевальскийдеги музыкалык училищада окуган. 1980-1985-жылдары Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда билим алган.

Чыгармачылыктагы эмгек жолу студент кезинде эле башталган. 1983-жылы Москвада өткөн СССР Эл чарбасынын көргөзмөсүнүн (ВДНХ) алкагында өткөрүлгөн маданият күндөрүнө солист катары катышкан. 1984-жылы Бүткүл союздук ленинчил жаштар комитетинин (ВЛКСМ) үгүт-насаат тобу менен биргеликте Орусиянын шаарларын кыдырган. Ошол жылдарда опера жана балет театрынын сахналарында Вердинин «Риголетто» операсында Борсонун, Насыр Давлесовдун «Аста-секин колукту» операсында Маркабайдын, «Айчүрөк» операсында Акунхандын арияларын аткарып жүргөн.

1985-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган соң, Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясына кабыл алынган. Аталган маданий мекемеде иштеген жылдарда чебер музыкант катары эле эмес, мыкты уюштуруучу катары да бирге иштешкендердин урмат-сыйына арзый алган.

1996-1999-жылдары Чек ара кызматынын ыр-бий ансамблинде солист болуп иштеген. 1999-2006-жылдары Кыргыз мамлекеттик Нурдин Түгөлов атындагы “Акмарал” бий ансамблинде коммерциялык директор кызматын аркалаган. 2005-жылдан Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде, 2008-жылдан К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясында эмгектенип келген.  

Эржан Мусин талыкпаган эмгегинин аркасы менен төмөнкүдөй сыйлыктарга ээ болгон:

Фрунзедеги Милиция мектебинин курсанттарын маданий-эстетикалык жактан тарбиялоого кошкон салымы үчүн СССР Ички иштер министрлигинин Ардак грамотасы;

1991-жылы Ашхабад шаарында өткөн «Орто Азиянын жаш аткаруучулары» фестивалында диплом;

2001-жылы Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин Ардак грамотасы;

2003-жылы «Көп жылдык үзүрлүү эмгеги жана маданияттын, искусствонун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн» Билим берүү, илим жана маданият министрлигинин Ардак грамотасы;

2003-жылы Ташкентте өткөн орус романстарын аткаруучулардын VI Эл аралык «Сыйкырдуу романс» фестивалында атайын диплом;

2004-жылы Республикалык «Ырдайлы кыргыз ырларын» телефестивалында диплом;

2007-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин «Маданияттын мыкты кызматкери» ардак наамы;

2008-жылы Чек ара кызматынын II даражадагы «Чек араны коргоонун отличниги» медалы;

2011-жылы «XXI кылымдын жылдыздары» теледолбооруна активдүү катышканы үчүн» КТРКнын диплому;

2012-жылы  Чек ара кызматынын I даражадагы «Чек араны коргоонун отличниги» медалы;

2012-жылы «Россия Коопсуздукту коргоо кызматынын Кыргызстандагы чек ара тобунун 20 жылдыгы» эстелик төш белгиси;

2013-жылы «Кыргыз тили» коомунун «Ыйык тил» төш белгиси;

2014-жылы «Жоокерлердин энелеринин сүйүүсү» медалы;

2015-жылы Баткен согушунун ардагерлери комитетинин «Ата Мекенге кызмат» ордени;

2016-жылы Кыргызстан элдер ассамблеясынын мааракелик медалы;

2018-жылы КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жалпы жамааты агайыбыз МУСИН ЭРЖАН СЕЙСЕНОВИЧТИН көзү өтүп кеткенине байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: