УЛУУ ИШТЕР УНУТТА КАЛБАЙТ

2018-жылдын 7-майында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында аталган окуу жайдын «Оркестр жана хор дирижерлугу» факультети (деканы: Гүлмира Жакиева) уюштурган окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору Калыбек Түлөбердиевдин алып баруусунда Кыргыз Эл артисти, КР мамлекеттик Гимнинин музыкасынын авторлорунун бири, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын, «Даңк», «Манас» ордендеринин лауреаты, даңазалуу композитор-дирижер, залкар инсан НАСЫР ДАВЛЕСОВду эскерүү иш-чарасы болуп өттү. Аталган иш-чарага келген коноктор Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, драматург, профессор Бексултан ЖАКИЕВ, залкар таланттын шакирттеринин бири, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор Асанбек АСАКЕЕВ, байбичеси Сабира ДАВЛЕСОВА, уулу Айбек ДАВЛЕСОВ, окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип ЧОТОНОВдор сөз сүйлөшүп, Насыр ДАВЛЕСОВдун калтырып кеткен мурастары, басып өткөн жолу, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда (азыркы университет) ректор (1971-1983-ж.ж.) болуп тургандагы окуу жайдын өнүгүшүнө кошкон салымы ж. б. көптөгөн иштерин иш-чаранын катышуучуларына айтып, эскерип беришти. Иш-чаранын жүрүшүндө Насыр Давлесовдун бейнесин чагылдырган чакан даректүү тасма көрсөтүлүп, окуу жайдын «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын 3-курсунун студенти Бермет ЖАКУТБЕКОВАга, «Музыка жана ырдоо» кафедрасынын 4-курсунун студенти Рахматали САПАРАЛИ уулуна, «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын 3-курсунун студенти Айдай АСАНБЕКОВАга Насыр ДАВЛЕСОВ атындагы жылдык стипендиянын сертификаттары тапшырылды.

 

ФОТО: МУСТАФА УУЛУ АЙДАРДЫКЫ    

                  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: