КЫРГЫЗ РАДИОСУНУН АЛТЫН КАЗЫНАСЫ АТАСЫНАН АЙРЫЛДЫ

2018-жылдын 6-августунда Кыргыз эл артисти (1994), Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун доценти, «Манас — 1000» (1995) медалынын, «Даңк» медалынын (2010) лауреаты, залкар радиорежиссер, чебер актер Турсун УРАЛИЕВ 85 жашында узакка созулган оорудан дүйнө салды.

Турсун Уралиев 1933-жылы Ысык-Көл областындагы Ак-Суу районунун Кара-Жал айылында туулган.

1957-жылы Ташкент шаарындагы Н. Островский атындагы театралдык институтту аяктаган. Алгачкы эмгек жолун Кыргыз Мамлекеттик драма теарында актер болуп иштөөдөн баштаган.

1958-жылы КТРга режиссер болуп кабыл алынып, 50 жылдан ашуун мезгил ушул чыгармачыл чордондо талыкпай эмгектенди.

Турсун Уралиев радиорежиссураны калыптандырып, өнүктүрүү менен бирге Кыргыз радиосунун алтын казынасын түптөгөндөрдүн бири. Ал чоң чеберчилик менен жасаган «Театр микрофондо», «Кутмандуу болсун күнүңөр», «Дил жаңырыгы» сыяктуу адабий-драмалык, музыкалык уктуруулары, ушул өңдүү уктуруулардын алкагында жаздырылып алынган: улуу манасчы Саякбайдын айтуусундагы «Манас» эпосу, Алымкул, Ысмайыл, Токтонаалы сыяктуу алп төкмө акындардын ырлары, айтыштары, Карамолдо, Ыбырай сыяктуу залкар комузчулардын күүлөрү, өздөрүнүн же залкар актерлордун көркөм окуусунда жаздыртып алган Аалы Токомбаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков сыяктуу адабият дөө-шааларынын чыгармалары, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Бакен Кыдыкеева сыяктуу театр коррифейлеринин аткаруусунда жаздыртылып алынган радиоспектакль, радиопьеса, постановкалары Кыргыз радиосунун баалуу мурасына айланып, келечек жаштар үчүн да табылгыс кен болгону талашсыз.

Турсун Уралиев кыргыз элине актер катары да белгилүү. Ал «Салтанат», «Бөрү зындан», «Ак кеме», «Махабат дастаны», «Ашуудагы айкаш», «Эрте келген турналар», «Чиркин өмүр» сыяктуу бир катар көркөм тасмаларда эпизоддук ролдорду жогорку чеберчиликте аткарган.

2004-2015-жылдары Кыргыз радиосунда иштөө менен катар Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетиндеги «Жанузак Молдобаев атындагы Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу» кафедрасында эмгектенип, студенттерге радиорежиссерлук боюнча сабак берип келген.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин Окумуштуулар кеңеши, ректораты, агай өзү иштеп кеткен «Телекоммуникация» факультети жана жалпы эмгек жамааты Турсун УРАЛИЕВ агайдын дүйнөдөн өткөнүнө байланыштуу үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН!

ЖАРАТКАН КЕҢ БЕЙИШИНЕН ОРУН БЕРСИН!  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: