АГАЙДАН АЙРЫЛДЫК

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2001), С. Жумадылов атындагы сыйлыктын лауреаты (2009), Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин доценти Сатылган САЗАЕВ үстүбүздөгү жылдын 20-мартында узакка созулган оорудан улам 57 жашында жарыкчылык менен коштошту.

Сатылган САЗАЕВ – 1962 жылы 13-майда Талас районунун Арал айылында туулган. 1980-1982-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1983-1985-жылдары Фрунзедеги Театралдык студияда окуган. 1985-жылы окуусун Москвадагы М. С. Щепкин атындагы Театралдык институтунда улантып, 1989-жылы аяктаган. 1989-1991-жылдары Б.Кыдыкеева атындагы Жаш көрүүчүлөр театрынын артисти, 1991-1992- жылдары Бишкек шаардык драма театрынын башкы администратору, 1992-2014-жылдары Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру, 1993-жылдан көзү өткөнгө чейин Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтундагы «Театр жана кино» факультетинин ага окутуучусу, 2014-2018-жылдары М.Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театрынын директорлук кызматтарында иштеген. 2018-жылы кайрадан Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын актеру катары иштеп жаткан.

Театр актеру катары Райкан Шүкүрбековдун «Жапалак Жатпасов» комедиясында Жапалактын, Вильям Шекспирдин «Гамлет» трагедиялык пьесасында Горационун, ошол эле автордун «Ромео менен Жульетта» трагедиясында Паристин, Жалил Садыковдун «Ормон хан» драмасында Шамендин, Майрамкан Абылкасымова жана Кайрат Иманалиев авторлошуп жазган «Атаке баатыр» тарыхый драмасында Бердике Берендин, Сейит Алтымышовдун «Таң булбулу» драмасында Семендин, Мырзабек Тойбаевдин «Өчпөс жылдыз» драмасында Фатеевдин, Көчкөн Сактановдун «Курманжан Датка» тарыхый драмасында майор Ионовдун, Мурза Гапаровдун «Туздуу чөл» драмасында Президенттин жана башка ушул өңдүү бир катар ролдорду театр сахнасына алып чыккан. Ошондой эле «Чиркин өмүр» телесериалында Чабан уулдун ролун аткарган.

Агайдын Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде иштеп жүргөн жылдары тарбиялап өстүргөн студенттери учурда өлкөбүздүн театрларында иштөө менен бирге, алгылыктуу ийгиликтерди жаратып, таанымал актерлордун катарын толукташты.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, профессордук-окутуучулук жамааты, «Театр» факультетинин жалпы жамааты, кесиптештери агайдын үй-бүлөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. ЖАТКАН ЖЕРИ ЖАЙЛУУ БОЛСУН!    

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: