КЫРГЫЗ РЕСПУЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТЫНА ЭМГЕК СИҢИРГЕН ИШМЕР ӨЗБЕК АБДЫЛДАЕВ ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ

Бүгүн, 4-ноябрда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессору, университеттин музыка жана ырдоо кафедрасынын башчысы, Даңк медалынын ээси Өзбек Абдылдаев узакка созулган оорудан улам 79 жашында дүйнөдөн өттү. 

Өзбек Абдылдаев 1941-жылы 16-январда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Коңурат айылында туулган. 1962-жылы М. Күрөңкеев  атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын хор дирижеру бөлүмүн, 1968-жылы Гнесиндер атындагы Москва мамлекеттик музыкалык-педагогикалык институтунун (азыркы Россия музыкалык академиясы) хор дирижеру адистигин аяктаган.

1968-жылдан тартып ал кездеги Кыргыз мамлекеттик искусство институту – учурдагы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде эмгектенген. Окуу жайдагы хор дирижерлугу кафедрасынын негиздөөчүлөрүнүн бири, аталган кафедранын окутуучусу, ага окутуучусу, 1971-жылдан тарта кафедра башчысы, 1992-1993-жылдары Маданий-агартуу иштери факультетинин деканы, 1993-1994- жылдары Хор жана оркестр дирижерлугу факультетинин деканы, 1994-2014-жылдары окуу жайдын окуу иштери боюнча проректору кызматтарын аркалаган. 1996-жылы жаңыдан уюшулган музыка жана ырдоо кафедрасынын (проректорлук иши менен айкалыштырып) башчысы болуп дайындалган. Ошол күндөн көзү өткөнгө чейин аталган кафедраны жетектеп келди.

1974-жылы экинчи хормейстер катары Кыргыз мамлекеттик телерадио корпорациясынын (КТРК) камералык хорун уюштурууга катышкан.

Окуу жайга жана билим берүүгө сиңирген үзүрлүү эмгеги үчүн 1989-жылы доцент, 1994-жылы профессор окумуштуулук даражасы ыйгарылган.

Өзбек Абдылдаев педагогикалык  ишмердиги менен катар илимий-методикалык багытта да үзүрлүү эмгектенди. Жалпы билим берүүчү орто мектептеринин 3-4-класстары үчүн «Музыка» окуу китебинин (И. Рыспаев менен бирдикте), музыка сабагынын мугалимдери үчүн нота хрестоматиясынын, жогорку жана орто музыкалык жана музыкалык-педагогикалык окуу жайларынын студенттери үчүн методикалык көрсөтмөлөрү кошо камтылган «Хор дирижерлугу» 4 томдук хрестоматиясынын, «Кыскача музыкалык сөздүк» китептеринин автору.

Өзбек Абдылдаев 52 жылдык эмгек жолунда ондогон шакирттерди окутуп-тарбиялады. Агайдан сабак алган студенттер учурда маданият жана искусство тармагында үзүрлүү эмгектенип, көптөгөн ийгиликтерди жаратып, асты Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамдарына жетти. Айрымдары алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерде иштеп, өлкөнүн атын таанытууга салым кошуп келишет.

Билим берүүгө жана маданиятка сиңирген өзгөчө эмгеги мамлекет тарабынан да жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер ардактуу наамы жана Даңк медалы менен сыйланган.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, Окумуштуулар Кеңеши, профсоюз комитети, музыка жана ырдоо кафедрасынын жамааты жана окуу жайдын жалпы жамааты агайыбыз Өзбек Абдылдаевдин көзү өтүп кеткенине байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Агайдын жаткан жери жайлуу, ыйманы саламат болсун!    

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: