ЗАЛКАР КОМПОЗИТОР, ЧЫГААН ПЕДАГОГ КЕНЖЕГАЗЫ АСАНБАЕВ АККА МОЮН СУНДУ

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (2000), Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессору (2001), Абдылас Малдыбаев атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты (2001), залкар композитор, чыгаан педагог Кенжегазы Асанбаев 74 жаш курагында акка моюн сунду.

Асанбаев Кенжегазы Мамбетович 1946-жылы Жети-Өгүз районунун Дархан айылында жарык дүйнөгө келген. 1961-жылы М. Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынын скрипка классына тапшырып, кийинчерээк теория бөлүмүнүн Алтынбек Жаныбеков жетектеген композиция классын окуп бүтүргөн. 1965-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинде билимин улантып, аны 1970-жылы аяктаган.

1964-1969-жылдары В. Маяковский атындагы Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер педагогикалык институтунун (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети) музыка факультетинде иштеген. 1969-жылдан көзү өткөнгө чейин Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурдагы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) композиция, музыканын теориялык дициплиналары кафедраларында эмгектенип келген.

1982-жылдан Кыргыз ССР композиторлор союзунун, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун мүчөсү.   

Кенжегазы Асанбаев композитор катары «Каныкей», «Кыргыз кайрыктары», «Мекен ыры» сыяктуу көптөгөн симфониялык күүлөрдү, симфониялык поэмаларды, симфониялык увертюраларды, труба, оркестр үчүн жазылган концерттерди, фортепиано үчүн жазылган музыкалык пьесаларды жараткан. Окуу жайда сабак берүү менен бирге улуттук театрдын өнүгүшүнө да салым кошуп, Б. Жакиевдин «Күттүргөн жаз да келер», Т. Абдымомуновдун «Жоробайдын жоруктары», М. Гапаровдун «Туздуу чөл», Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн», «Саманчынын жолу», «Кыямат», «Кош бол, Гүлсары» сыяктуу чыгармаларынын негизинде коюлган бир нече спектаклдин музыкасын жазган.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, жалпы жамааты агайыбыз, устатыбыз Асанбаев Кенжегазы Мамбетовичтин көзү өтүп кеткенине байланыштуу үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Агайдын жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан өз мээримине алсын!  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: