КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БААТЫРЫ, КЫРГЫЗ ЭЛ ЖАЗУУЧУСУ, ЗАЛКАР ДРАМАТУРГ БЕКСУЛТАН ЖАКИЕВ ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар драматург, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин профессору Бексултан Жакиев 2021-жылдын 25-апрелинде 85 жаш курагында акка моюн сунду.

Бексултан Жакиев 1936-жылы Тоң районунун Бөкөнбаев айылында жарык дүйнөгө келген. 1958-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1962-жылы Москвадагы киносценарийчилердин жогорку мектебин аяктаган. 1963-1968-жылдары «Кыргызфильм» киностудиясында редактор, 1968-1972-жылдары Кыргыз ССР Маданият министрлигинде кызматкер, 1972-1975-жылдары Кыргыз ССР мамлекеттик кинематография комитетинде башкы редактор, 1988-1992-жылдары Кыргызстан театр ишмерлер союзунун катчысы, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин мамлекеттик кеңешчиси, 1994-2000-жылдары «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын көркөм жетекчиси, директору, ушул эле жылдарда Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыкты ыйгаруу комитетинин төрагасы кызматтарында иштеген.

Ошол эле учурда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун (учурда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети) театр жана кино (учурда театр) факультетинде сабак берип, көптөгөн студенттерди тарбиялаган. «Бексултан агайдын сабагы жандуу, анан кызыктуу өтчү. Агай кара сөздүн зергери, чечен эле, дарс окуганда муюп укчубуз», – деп эскеришет студенттери.

Бексултан Жакиевдин чыгармачылык жолунун башаты да, мыкты драматург катары таанытып, атак-аброй алып келген да «Атанын тагдыры» драмасы болгон. 1959-жылы жазылган драма Кыргыз драма театрында 500дөн ашуун жолу, жалпы эле республикалык жана чет элдик театрларга 1000ге жакын жолу коюлган. Мындан тышкары «Миң кыял», «Алтын аяк», «Өкүм», «Эртең жаңы жыл», «Жолугушуу», «Саадак какты», «Жүрөлүчү жүрөк оорутпай», «Жаза», «Көздөн учкан Ата журт» сыяктуу бир катар драмалардын, бир канча аңгеме, повесть, очерк, эсселердин, «Азамат Алтай» «Бороондуу жолдо» сыяктуу көптөгөн китептердин автору. Бексултан Жакиев жакында эле окурман журтуна өзүнүн баскан жолун баяндаган «Өмүр өтөт билинбей» аттуу мемуардык романын тартуулады.

Бексултан Жакиев жеке чыгармачылыгынан сырткары мамлекеттик кызматтарда да үзүрлүү эмгектенип, кыргыз маданиятына, айрыкча манасчылык, төкмөлүк өнөрдүн эгемен Кыргызстанда өнүгүп-өсүшүнө, чет элге таанылышына өзгөчө салым кошкон. «Манас-1000» мамлекеттик дирекциясынын жетекчиси катары 1995-жылы Талас облусунда өткөн «Манас» эпосунун 1000 жылдыгына арналган салтанатты уюштургандардын сап башында турган. 2000-2003-жылдары Жакиев даярдаган манасчылык, төкмөлүк өнөр боюнча долбоор ЮНЕСКО тарабынан адамзат рухундагы оозеки мурастын шедеври деп таанылып, Парижде расмий жарыяланган.

Бексултан Жакиевдин адабиятка маданиятка кошкон салымы мамлекет тарабынан жогору бааланып, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Баатыры, III даражадагы Манас ордени, Даңк ордени, ошондой эле Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлык баштаган бир катар сыйлыктар менен сыйланган. Мындан тышкары Казакстандын Төлөгөн Айбергенов, Жамбыл Жабаев атындагы эл аралык сыйлыктарды, Астана медалын алган.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректораты, Профсоюз комитети жана жалпы жамааты Бексултан Жакиевдин үй-бүлөсүнө, жакындарына, Баатыр атанын кызы, окуу жайдагы музыка факультетинин деканы Жакиева Гүлмира Бексултановнага терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Агайдын жаткан жери жайлуу болуп, Жараткан бейишин берсин!  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: