ӨКҮТКӨ САЛЫП КАНЧАНЫ, ӨНӨРДҮН КЕТТИ ЗАЛКАРЫ

Өмүрдөн дагы бир жылдыз учту. Замандын залкары, театр менен кинодо өчпөс изи калган актер Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВ узакка созулган оорудан бу дүйнө менен кош айтышып, акыркы сапарына узады. «Кечээ көргөн бүгүн жок, ушундай белем дүйнө бок», – дептир бир акылман. Айтылган кептин аныгына акжаркын талант акыретке узаганда дагы бир жолу ынандык.

«Байкемдин бул дүйнөдөн кетип калганына мен аябай өкүнүп турам. Азыр мен да ооруп жүрөм. Мага азыр катарга туруп калгандай сезилип жатат», – дептир «Азаттык» радиосуна дагы бир залкар талант, сахналашы Ашыр Чокубаевди эскерип жатып. Атаганат, өмүрүнүн соң ирмемдерин ошондо эле сезсе керек. Сапар тарткан каркыралардай сабын бузбай, бирин-бири жетелей кетерин туйса керек. Убагында капарга албаган көрүнөбүз.

Анткен менен агайыбыз өлгөн жок дейбиз өзүбүздү сооротуп. Артында изи калган адам өлчү беле! Тээ 1972-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Мамлекеттик театр өнөрү институтун аяктап, Ош драма театрында, андайын Фрунзедеги мамлекеттик жаштар театрында, эгемендик алгандан өмүрүнүн акырына дейре Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында иштеген жылдарындагы Курманбек, Барпы, Отелло, Танабай, Ормон хан, Санчы сынчы сыяктуу театр көрүүчүлөрүнүн көз алдынан кетпеген сахна ролдору, Илияс, Базарбай, Субанкул, Түлкүбек сыяктуу тасма тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган кино ролдору агайды эч качан өлүмгө ыраа көрбөс. Агайдын экинчи өмүрү ушулар эмеспи.

Эмгеги өз учурунда баалангандар сейрек. Ошол сейректердин арасында биздин агайыбыз Дүйшөн Байдөбөтов да бар. Дегенибиз 28 жашында (1977-жылы) СССРдин эмгек сиңирген артисти, 38 жашында (1987-жылы) Кыргыз эл артисти наамдарын алыптыр. Бу да болсо, агайдын өзүн көрсөтө алган өрнөктүү өмүр жолунун жемиши. Атаганат, баары эле ушинтип убагында өз баасын алып турса гана!

Агай актер эле эмес, таасын педагог да болчу. Буга биздин Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде жан терин төгүп иштеген жылдары күбө. Агайдан сабак алып калган бүгүнкүнүн чыгаан таланттары, агайдын шакирт-студенттери күбө. Мунун натыйжасында аталган окуу жай агайга «АРДАКТУУ ПРОФЕССОР» наамын ыйгарганбыз.

Кыргыз эл артисти, Муратбек Рыскулов атындагы сыйлыктын лауреаты, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ардактуу профессору, өтөлгөлүү өмүр ээси, залкар өнөрпоз Дүйшөн БАЙДӨБӨТОВдун үй-бүлөсүнө, ага-туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Жаткан жериңиз жайлуу болуп, Жараткан кең бейишинен орун берсин!

       Б. БЕЙШЕНАЛИЕВА АТЫНДАГЫ КММИУНУН ЖАЛПЫ ЭМГЕК ЖАМААТЫ

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: