ЫНТЫМАКТЫН МАЙРАМЫ – НООРУЗ

Бүгүн – 2019-жылдын 20-мартында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде Нооруз майрамына карата салтка айланган салтанат болуп өттү. Окуу жайдын «Кино жана телевидение» факультети (деканы Тынчтык БУГУЧИЕВ) тарабынан уюштурулган майрамдык салтанат Умай Эне (Умай Эненин ролунда: «Актердук чеберчилик» кафедрасынын окутуучусу, актриса Кундуз МАКЕЕВА) аластап, бата тиленип, Нооруздун улуу даамы сүмөлөк ачылды.

Андан соң, студенттер тарабынан даярдалган чакан концерттик программага орун берилди. Концерттик бөлүк Умай Эненин кыздарынын коштоосунда арча түтөтүп, калоо-тилек айтып, аластоосу, Баба Дыйкандын (Баба Дыйкандын ролунда: «Телеберүү жана радиоуктуруу режиссеру» кафедрасынын студенти Бекназар АРЫКБАЕВ) балдарынын (аталган кафедранын стденттери) коштоосунда үрөн себүү ырымын аткаруу менен башталды. Чакан сценкадан кийин окуу жайдын ректору Мамашарип ЧОТОНОВ куттуктоо сөзүн сүйлөп, артынан окуу жайдын студенттери жана салтанатка конок катары келген КР Президентинин «Ардак грамотасынын» сыйлануучусу, Маданияттын мыкты кызматкери, А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын лауреаты, опера ырчысы Үмүт Тилегенованын катышуусундагы концерттик программа орун алды.

Салтанаттын акырында Нооруз майрамынын урматына окуу жайдын «Дене тарбия» кафедрасы уюштурган факультеттер жана кафедралар аралык Воллейбол боюнча мелдештин жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр окуу жайдын «Ардак грамотасы» менен сыйланышты.  

     

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: