ДӨӨЛӨТТҮҮ КАРЫЛЫККА ЖЕТКИРГЕН МЭЭНЕТТҮҮ ЖАШТЫК

2019-жылдын 15-февралында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде Билим берүүнүн жана маданияттын отличниги, аталган окуу жайдын Профсоюз комитетинин төрагасы, «Хор дирижерлугу» кафедрасынын башчысы, доцент, белгилүү хормейстер, дирижер Калдыбек НУРМАТОВдун 70 ЖАШ мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Аталган иш-чара окуу жайдын жыйындар залындагы чакан конференция менен башталып, анда КР композиторлор союзунун төрагасынын, КР маданият кызматкерлеринин профсоюздук комитетинин кызматкерлеринин, окуу жайдын ректоратынын жана жалпы жамаатынын, Кыргыз эл артисттеринин, эмгек сиңирген артисттеринин, Калдыбек Нурматовдун замандаштарынын, кесиптештеринин, окуу жайды бүтүргөн жана учурда окуп жатышкан шакирттеринин куттуктоолору, баяндамалары жаңырып, ал кездеги ушул кафедранын студенттерин, учурдагы ондогон эл артисттерин, эмгек сиңирген артисттерди тарбиялап, окуткан мугалим – устаттык өрнөк жолу, хормейстер катары да, дирижер катары да музыкалык искусствого сиңирген эмгектери баса белгиленип айтылды. Андан соң, аталган иш-чара «Хор дирижерлугу» кафедрасынын студенттеринин, бүтүрүүчүлөрүнүн, «Ак шоола» балдар хорунун катышуусундагы чакан концерт (концертти түзгөн жана алып барган: кафедранын доценти Любовь БРУГ) менен жыйынтыкталды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: