ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА САБАКТАР ОНЛАЙН ОКУТУЛАТ

2020-2021-окуу жылында да сабактар онлайн негизде баштала турган болду. Мындай буйрукка Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков 2020-жылдын 17-августунда кол койгон.

Маалым болгондой, министрлик мындай чечимге өлкөбүздөгү эпидемиологиялык кырдаалдан улам, COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылып кетпөөсүн алдын алуу максатында келген. Буйрукта көрсөтүлгөндөй, өлкөдөгү жалпы билим берүү мекемелери менчигинин түрүнө карабастан аралыктан билим берүү технологияларын колдонуу аркылуу онлайн жүргүзүүгө тийиш. Ошондой эле онлайн окутуу процесси өлкөдөгү кырдаал турукташканга чейин жүргүзүлөрү да айтылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: