КЫРГЫЗ УУЛУ – ААЛАМ ЖЫЛДЫЗЫ Ч. АЙТМАТОВ

2018-жылдын 20-декабрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин 503-концерттик аудиториясында ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата аталган окуу жайдын «Оркестр дирижерлугу» кафедрасы «Кыргыз уулу – аалам жылдызы Ч. Айтматов» аттуу чакан концерт тартуулашты. Концерт кафедранын 2-курсунун студенти Жаңылмырза Бактыбек кызынын «Манас» эпосунан үзүндү айтуусу менен башталып, кафедранын студенттеринен куралган «Алтын Нур» ансамблинин (көркөм жетекчиси: Жанарбек Омуров) коштоосунда Рахматали Сапарали уулунун аткаруусунда «Илиястын ыры» (сөзү: Жолдошбек Бузурманкуловдуку, обону: Жекшенбек Тагаевдики), Алтынбек Замирбековдун аткаруусунда «Жамийла» (сөзү, обону: Бек Борбиевдики), Айпери Сраждин кызынын аткаруусунда «Сагынуу» (сөзү: Карымшак Ташбаевдики, обону: Рысбай Абдыкадыровдуку) ырлары жаңырып, «Жаш толкун» комузчулар ансамбли (жетекчиси: Рысбек Жунушев) Атайдын «Ак тамак, көк тамак», Айдараалынын «Көйрөң күүсүн» чертип беришти. Ошондой эле Жаңылмырза Бактыбек кызы, Самат Разидин уулу Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман эне менен уулу маңкурт Жоламандын кездешүүсүн аткарышып, Эламан Каримов аккардеондо «Карусель» күүсүн, «Алтын Нур» ансамбли Токтогулдун «Чайкама», Калый Молдобасановдун «Ат чабыш» күүлөрүн ойноп беришти. Ошондой эле аталган крнцерттин алып баруучусу, кафедранын улук окутуучусу Созул КАЗИЕВА «Кыргыз уулу – аалам жылдызы Ч. Айтматов» аттуу баяндама жасады. Концерт Рахматали Сапарали уулу, Бекболсун Абай уулунун аткаруусундагы «Ысык-Көлдү сагынуу» (сөзү: Чыңгыз Айтматовдуку, обону: Муратбек Бегалиевдики) ыры менен жыйынтыкталды.

Анан расмий бөлүккө орун берилип, аталган окуу жайдын илимий иштер, тышкы байланыштар жана мамлекеттик тил боюнча проректору Зарылкан Жолдошбекова куттуктоо сөзүн сүйлөп, ошондой эле кафедранын улук окутуучусу Созул Казиевага КР Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан ыйгарылган «Ардак грамотаны» тапшырды. Андан соң кафедра башчысы Чолпон Турумбаева Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасынын иш-чараларына активдүү катышкан кафедранын студенттери: Эламан Каримов, Рахматали Сапарали уулу, Самат Разидин уулу, Кадыр Акматбековдорго китепкананын директору Жылдыз Бакашеванын «Ыраазычылык катын» тапшырды.

    

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: