ОКУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ПРОРЕКТОР КАЛЫБЕК ТҮЛӨБЕРДИЕВДИН КУТТУКТООСУ!

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

БҮГҮНКҮ КҮН – биз үчүн, дегеле Жер бетиндеги бардык адамзат үчүн ӨЗГӨЧӨ КҮН. БҮГҮНКҮ КҮН – ушул майрамга катышы, салымы бар бардык өлкөлөрдөгү адамдардын жашоосуна, тагдырына улуу бурулуш жасалган КҮН! Биз ошол улуу бурулуш жасалган УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫК мааракесин белгилеп жатабыз!

Ардактуу кесиптештер, биз ал согушту көрбөсөк да, андагы аталардын-апалардын, чоң ата-чоң апалардын, агалардын-эжелердин жасаган эрдиктерин угуп, ошолордон таалим-тарбия алып чоңойгонбуз. Ар бир мамлекеттин тарыхында эч качан унутулбай турган учурлар бар. УЛУУ ЖЕҢИШ КҮНҮ ДА – биз үчүн унутулгус, жыл өткөн сайын кадыры арткан майрам. Биз согушка катышкан ардагерлерге, оорукта жан үрөп эмгектенген ата-апаларга, дегеле, душманды жеңүүгө салымын кошкон бардык адамга таазим этебиз! Биз ардагерлерге абдан зор ынтаа менен көңүл буруп, аларды бардык жактан колдоого алабыз. Ушундай тынчтык күндө жашап жатканыбыз үчүн ардагерлерге дагы бир жолу ырахмат айтып, ыраазычылык билдирип турууга милдеттүүбүз!

Урматтуу кесиптештер, сиздерге албан-албан ийгиликтерди, чыгармачылык бийиктиктерди каалайм! Ар дайым жергебизде тынчтык, жан дүйнөбүздө бейпилдик өкүм сүрүп турсун! Адамзатты кыргынга учураткан андай алаамат кайра кайталанбасын!

УЛУУ ЖЕҢИШ МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН!

Түлөбердиев Калыбек Кемелович

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик

маданият жана искусство университетинин

окуу иштери боюнча проректору,

педагогика илимдеринин кандидаты, доцент

One Response to ОКУУ ИШТЕРИ БОЮНЧА ПРОРЕКТОР КАЛЫБЕК ТҮЛӨБЕРДИЕВДИН КУТТУКТООСУ!

  1. Before being a great dad, you are a great human being. Your Honesty, Your truthfulness, your helpfulness, your nobility, all of your goods made you a great Person. And I’m proud of you Dad.
    From ur sweet daughter, Cholpon
    Happy Victory Day to all❤️❤️❤️

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: