УЛУУ ЖЕҢИШТИН 75 ЖЫЛДЫГЫНА КАРАТА РЕКТОРДУН КУТТУКТООСУ

КАДЫРМАН КАЛАЙЫК!

УРМАТТУУ КЕСИПТЕШТЕР!

Сиздерди 9-май – Улуу Жеңиш майрамынын 75 жылдыгы менен куттуктайм!

БҮГҮН –кан майданда сыналган баатыр аталарды, оорукта бел чечпей бар күчүн Жеңиш үчүн арнаган каарман апаларды, балалык ойноо курагын кандуу согуш жалмап, Батышка кеткен атасынын, агасынын ордун жоктотпой эмгектенген күжүрмөн агаларды, эжелерди ЭСКЕРҮҮ КҮНҮ! Көзү тирүүлөрүн урматтап, сыйлоо КҮНҮ!

Ырас, андагы алаамат күндөрдүн карааны улам алыстап, өрт аралап, кан кечип, Мекендин бейпилдиги үчүн баскынчыларга каршы жан аябай күрөшкөн аталардын, аларды күтүп саргайган апалардын, агалардын, эжелердин катары улам суюлган сайын кийинки муунга жомок сыяктуу туюлуп барат. Андыктан бүтүңдөй Совет элининин тарыхында алтын тамгалар менен жазылып калган бул улуу майрамдын маанисин, баа-баркын улам кийинки муундарга жеткирип туруу –башкы милдетибиз. Бизди ушундай бейпил күнгө жеткирген аталардын эрдигин, жерибизге тынчтык орноткон, кайгыдан аккан көз жашты кубанычтын көз жашына айланткан УШУЛ КҮНДҮ ар дайым эскерели! Мекен үчүн, эл үчүн деп жүрүп туулган жердин турпагы буйрубай калган андагы баатырлардын арбагына таазим этели!

Ылайым, жергебизде андай алаамат кайталанбасын! Дүйнө жүзү ар дайым бейпилдикте жашап, тынчтык өкүм сүрүп турсун!

МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН, УЛУУ ЖУРТУМ!  

 

Мамашарип Мамытович ЧОТОНОВ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик

маданият жана искусство университетинин ректору,

экономика илимдеринин доктору,профессор

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: