ЫРЫСЫН ЫРДАН ТАПКАН…

2018-жылдын 26-апрелинде Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде аталган окуу жайдын «Оркестр дирижерлугу» кафедрасы (кафедра башчысы Чолпон ТУРУМБАЕВА) уюштурган «Рысбай Абдыкадыровдун чыгармачылыгынын өзгөчөлүгү» аттуу тегерек үстөл болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасы, Токтогул атындагы мамлекеттик, К. Молдобасанов атындагы Республикалык ж.б. бир нече сыйлык-наамдардын лауреаты, композитор-профессор Турдубек ЧОКИЕВ, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун ректору, профессор Мамашарип ЧОТОНОВ, Искусство илимдеринин доктору, профессор Камчыбек ДҮЙШАЛИЕВ, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти, композитор Тимур САЛАМАТОВ, М. Абдраев атындагы атайын адистештирилген музыкалык мектеп-интернатынын директору, композитор Исирадин АМАНБАЕВ, К. Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын доценти Мурат КАСЕЙ, И. Арабаев атындагы КМУнун доценти, акын Кубат ЖАКЫПОВ, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун профессору Калдыбек НУРМАТОВ, Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун профессору, Педагогика илимдеринин кандидаты Кубан АБЫШЕВ, Рысбай Абдыкадыров клубунун жетекчиси Султан БОРОШОВ, Р. Абдыкадыровдун жакын тууганы Акылбек МҮСҮРАЛИЕВдер катышып, Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгындагы өзгөчөлүктөр боюнча ой-пикирлерин билдиришти. Тегерек үстөлдөгү талкууда  төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылып, тиешелүү тараптарга жөнөтүү демилгеси көтөрүлдү:

  1. Р. Абдыкадыровду көзү өтүп кетсе да, Композиторлор союзунун мүчөлөрүнүн тизмесине киргизүү;
  2. Р. Абдыкадыровдун өмүрү-чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма тартуу;
  3. Обончулугун илимий деңгээлде изилдөө, атайын дипломдук, кандидаттык иштер боюнча темаларды бекитүү;
  4. Р. Абдыкадыровдун өмүрү, чыгармачылыгын орто мектептердин жогорку окуу жайларынын музыка программасына киргизүү;
  5. Обончунун чыгармаларын оркестрге, хорго иштеп чыгуу;

Тегерек үстөлдөн соң Р. Абдыкадыровдун чыгармачылыгы туурасында Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун «Телекоммуникация» факультетинин студенттери тарткан чакан даректүү тасма көрсөтүлүп, Р. Абдыкадыровдун обондорунун негизинде «Оркестр дирижерлугу» кафедрасынын окутуучулары, студенттери даярдаган чакан концерт коюлду.

  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: