ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН РУХИЙ ДҮЙНӨСҮ ЖАНА КЫРГЫЗ ИСКУССТВОСУ

2018-жылдын 17-декабрында Б. Бейшеналиева Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында окуу жайдагы ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата жыл башынан бери өтүлүп келген иш-чараларды жыйынтыктоо иретинде «Музыкалык теория» кафедрасынын башчысы, доцент Мариям КӨРПӨБАЕВА жана окуу бөлүмүнүн башчысы, доцент Динара АЛСАИТОВА уюштурган «ЧЫҢГЫЗ АЙТМАТОВДУН РУХИЙ ДҮЙНӨСҮ ЖАНА КЫРГЫЗ ИСКУССТВОСУ» аттуу илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга Кыргыз эл баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, драматург Бексултан ЖАКИЕВ, СССРдин эл артисти, опера ырчысы Кайыргүл САРТБАЕВА, Кыргыз эл артисти Дарика ЖАЛГАСЫНОВА, Кыргыз эл артисти, кинорежиссер Бакыт КАРАГУЛОВ, кино сынчысы Гүлбара ТӨЛӨМҮШЕВА, Кыргыз эл артисти, театр режиссеру Мелис ШАРШЕНБАЕВ, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, театр сынчысы Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, Кыргыз эл артисти, театр жана кино актеру Гүлсара АЖЫБЕКОВА ж.б. көптөгөн искусствонун көрүнүктүү өкүлдөрү, Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларда роль жараткан каармандар, республикабыздагы маданий музыкалык окуу жайлардын окутуучулары, КР билим берүү жана илим, КР маданият, маалымат жана туризм министрликтеринен келген өкүлдөр, окуу жайдын кызматкерлери катышып, конференция орун алган окуу жайдын ректору Мамашарип ЧОТОНОВдун алып баруусунда Айтматовдун искусствонун ар тармагы болгон: адабиятка, театрга, киного, музыкага, сүрөт өнөрүнө тийгизген таасирлери туурасында баяндама жасашты. Мындан тышкары аталган конференциянын жүрүшүндө Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына карата Кыргыз эл артисти, кинорежиссер Марат САРУЛУ тарткан «Рух элчиси» тасмасы көрсөтүлүп, окуу жайдын студенттери «Кыямат» романындагы Акбаранын монологун, «Ак кеме» повестиндеги Орозкулдун монологун көркөм аткарып беришти.

Иш-чаранын экинчи бөлүгү Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында уланды. Барган коноктор алгач сүрөт көргөзмө менен таанышып, андан соң, «Сырттан окуу» факультетинин деканы, «Режиссура жана актердук чеберчилик» кафедрасынын доценти Асел ТУРДАЛИЕВАнын режиссерлугу астында даярдалган, КР эл артисттери Гүлнур САТЫЛГАНОВА, Султан КАРИМОВ, КР эмгек сиңирген артисттери Сыймык БЕЙШЕКЕЕВ, Жамила МУРАТОВА, маданияттын мыкты кызматкерлери Гүлмира ЖОЛДОШЕВА, Салтанат ШАБДАНАЛИЕВА, Самат КӨЧӨРБАЕВ, Аксайбек МУКАМБЕТ уулу, «АК ШООЛА» балдар хорунун жана окуу жайдын студенттеринин катышуусундагы чоң программадагы концертке күбө болушту.

               

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: