САЛТТЫК МУЗЫКА ЖАНА ФОЛЬКЛОР КАФЕДРАСЫ КОНЦЕРТ БЕРДИ

Бүгүн, 24-октябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жатаканасынын концерттик залында окуу жайдын «Салттык музыка жана фольклор» кафедрасынын 1-курсунун студенттери даярдаган чакан концерт болуп өттү.

Анда келген коноктор окуу жайдын босогосун жаңыдан гана аттап жаткан студенттердин ар тараптуу өнөрүнө күбө болушту. Кафедра башчысы Самат Көчөрбаев белгилегендей, студенттерди өнөргө, чыгармачылыкка болгон дараметин байкоо максатында атайын эрежеге салынбаган концерттик номурлар даярдалган. Бул бир жагынан студенттердин кандай жөндөмгө ээ экенине билүүгө өбөлгө түзсө, экинчи жагынан чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрдү эркин пайдаланууну шарттайт.

Салттуу өнөр менен заманбап өнөрдү айкалыштырган чакан концерт көрүүчүлөргө жылуу маанай жаратты.  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: