АККОРДЕОН КЛАССЫ «САНАТ ТВ» КАНАЛЫНДА КОНЦЕРТ ТАРТУУЛАШТЫ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин музыка мугалими кафедрасы «Санат ТВ» телекомпаниясы тарабынан уюштурулган жаңы жылдык кечеге тартылышты.

Анда окуу жайдын доценти Догдурбай Урмамбетов жетектеген студенттер тобу атайын программадагы концертин тартуулашты. Атап айтсак, концертте Догдурбай Урмамбетовдун «Жаңы жыл ыры» хордук аткарууда жаңырып, Пьяцолланын «Либер танго» чыгармасын Бакытбек уулу Расул, бий менен коштолгон «Венгерский танец» ырын Мырзайым аккордеончу кыздардын коштоосунда, Догдурбай Урмамбетовдун «Сага арнадым» ырын Чилдебаев Апас, ошондой эле Карамолдо Орозовдун «Ибарат» күүсүн аккордеон классынын студенттери аткарып беришти.

Мындан тышкары кечеге Кыргыз эл артисти, обончу Камчыбек Букалаев, обончу Догдурбай Урмамбетов, ырчылар Үмүтай Абдышева, Гүлнара Раймалиева, Нуржан Түмөнбаева да катышты.

Белгилей кетсек, окуу жайдын доценти, музыка мугалими кафедрасынын аккордеон классынын жетекчиси, обончу Догдурбай Урмамбетов түзгөн бул концерт кече 31-декабрда «Санат ТВ» телеканалынан көрсөтүлөт.  

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: