САНАТЫ ЖУРТКА ШАҢ БЕРГЕН, САНЖЫРГАЛУУ «САРМЕРДЕН»

2018-жылдын 16-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин концерттик залында аталган окуу жайдын студент жигиттери менен Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студент кыздарынын ортосунда «Сармерден» оюну болду (уюштуруучу: Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун «Социалдык-маданий ишмердик» факультетинин 4-курсунун студенти Токтобек кызы Мария, жетекчиси – аталган факультеттин деканы, Жаштар комитетинин төрайымы – Нурзат Келдибекова). Оюндун эрке бала (Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенти – Акматов Таңатар), шайыр жеңеси (Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Мурабдылдаева Айсулуу) оюнду ачып, андан соң Б. Бейшеналиева атындагы КММИУнун чыгармачылык жана тарбия иштери боюнча проректору Элмира Турганбаеваны, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Жаштар кеңешинин директору Алина Тилектешованы сахнага чакырып, аталган адамдардын кыскача куттуктоосунан кийин оюн башталды. Аталган оюнга Бишкек шаардык мэриясынын алдындагы Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Элвира Ниязбекова, аталган бөлүмдүн башкы адиси Айнура Сооронбаева, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Мамлекеттик тил жана маданият институтунун ага окутуучусу Артур Ажыбаевдер калыстык кылышты. Элдин маанайын көтөрүп, жарпын жазган мыкты оюндан соң, аталган окуу жайлар бири-бирине болгон белектерин, ыраазычылык кат, алкыш баракчаларын тартуулашты. (Калганы төмөнкү сүрөттөрдө. Фото: «Телекоммуникация» факультетинин 2-курсунун студенти Омош уулу Дуулаттыкы):

         

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: