ОПЕРАЛЫК МУЗЫКАНЫН ЗАЛКАРЫ

2018-жылдын 7-июнунда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында «Музыкалык теория» кафедрасынын доценттери: кафедра башчысы Мариям КӨРПӨБАЕВА, окуу бөлүмүнүн башчысы Динара АЛСАИТОВА уюштурган КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты, залкар композитор Сатылган ОСМОНОВдун 80 жылдык мааракесине арналган иш-чара болуп өттү. Аталган кечеге келген коноктор: Эл артисттери Кайыргүл САРТБАЕВА, Дарийка ЖАЛГАСЫНОВА, Сардарбек ЖУМАЛИЕВ өңдүү куракташтары жана көптөгөн шакирттери Сатылган ОСМОНОВду кутман курагы менен куттукташып, каалоо-тилектерин жолдоп өтүштү. Иш-чаранын жүрүшүндө Сатылган ОСМОНОВдун чыгармалары студенттер тарабынан аткарылды.

Фотограф: Мустафа уулу Айдарбек

           

P.S.: Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1990), А. Малдыбаев атындагы сыйлыктын туңгуч лауреаты (1989) Сатылган ОСМОНОВ – 1938-жылы Чүй районундагы Кегети айылында жарык дүйнөгө келген. 1962-жылы Фрунзедеги М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын теория-композитордук бөлүмүн бүтүргөн. Композитор М. Абдраевдин жана В. Янковскийдин жардамы аркасында туңгуч фортепиано, скрипка үчүн пьесаларды жазган. 1970-ж. Ташкент мамлекеттик консерваториясынын композитордук факультетин бүтүргөн. С. Осмонов музыкалык искусствонун көптөгөн жанрларында эмгектенген. «Кычан», «Сепил», «Жусуп Баласагын» операларынын, «Куудул Шаршен» музыкалык комедиясынын, «Ак Мөөр» симфониясынын, көптөгөн симфониялык поэмалардын, скрипка жана оркестр үчүн концерттердин, виолончель жана оркестр үчүн концерт-рапсодиянын, үн жана оркестр үчүн концерттердин автору. Көптөгөн камералык-аспаптык чыгармаларды да жазган. Кырктай романстын, жүздөй ыр-хордун автору. «Романстар» (1977), «Ильич элеси» (1987) сыяктуу бир катар ырлар, романстар жыйнагы жарык көргөн. «Ардак Белгиси» ордени, КР Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: