БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ СЕРТИФИКАТТАР БЕРИЛДИ

2018-жылдын 29-декабрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Түрк тилин окутуу борборунун ушул окуу жайдагы бөлүмүн аяктаган студенттерге сертификаттар тапшырылды. Сертификат тапшыруу салтанатына Түркия мамлекетинин Кыргызстандагы элчилигинин билим берүү иштери боюнча кеңешчиси Режеп СУЛА, аталган борбордун директору Ахмет ГӨЗҮБОЛ, Кыргызстан Ислам университетинин ага окутуучусу Улан УСУПОВ жана окуу жайдын маалымат катчысы Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ катышып, студенттерди куттукташты. Келген меймандарга ыраазычылык билдирген студенттер борбордун кызматкери, окутуучу Сердар АТЕШтин сабактарын абдан жактырышкандарын, өлкөлөр аралык кызматташтыкка өнөрлөрү аркылуу салым кошсок деген изги тилектерин айтуу менен, чакан концерт тартуулашты.

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: