ЖАНУЗАК МОЛДОБАЕВ АТЫНДАГЫ СЫЙЛЫКТЫ ТАПШЫРУУ АЗЕМИ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 20-декабрда «Кыргыз киносу» кинотеатрында Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин кино жана телевидение факультети негиздеген Жанузак Молдобаев атындагы сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү.

Белгилей кетсек, факультеттин студенттери «Мыкты дебют», «Мыкты социалдык ролик», «Мыкты видеоклип», «Мыкты очерк», «Мыкты даректүү тасма», «Мыкты режиссер», «Мыкты үн режиссеру», «Мыкты оператор» номинациялары боюнча кароо-сынакка катышып, калыстар тобунун чечими менен төмөндөгү студенттер жеңүүчү деп табылган:

  1. «Мыкты дебют» номинациясы боюнча: Жээнтаева Нуркыз;
  2. «Мыкты социалдык ролик» номинациясы боюнча: Тургунбеков Алмаз жана Манапбаева Айкерим;
  3. «Мыкты видеоклип» номинациясы боюнча: Калыбек кызы Наргиза, Турсунбек кызы Гүлбарчын;
  4. «Мыкты очерк» номинациясы боюнча: Мурат уулу Аманжан, Бозгунчиев Жыргалбек;
  5. «Мыкты даректүү тасма» номинациясы боюнча: Эрмекова Айпери;
  6. «Мыкты режиссер» номинациясы боюнча: Нурланова Гүлүм;
  7. «Мыкты үн режиссеру» номинациясы боюнча: Эмилбеков Арген;
  8.  «Мыкты оператор» номинациясы боюнча: Аракеев Эржан;

Жеңүүчү аталган студенттерге Ардак диплом жана атайын статуэтка тапшырылды.

Мындан тышкары, азем учурунда «Асылзат нуру» коомдук фондунун төрайымы Акылай Керимова факультеттин 4-курсунун студенти Өмөш уулу Дуулатты Сахна жылдызы төш белгиси жана окуу жайдын телекөрсөтүү жана радиоуктуруу режиссерлугу кафедрасынын башчысы Эркин Шейшеналиевди Жылдын ардактуу инсаны төш белгиси менен сыйлады.

Эске салсак, белгилүү телережиссер, аталган окуу жайдын доценти Жанузак Молдобаевдин көзү өткөндөн кийин анын атынан сыйлык уюштуруу өзү иштеген факультет (азыркы кино жана телевидение факультети) тарабынан демилгеленип, ишке ашырылган. Алгачкы сыйлык 2011-жылы берилген. Салтка айланган саамалык быйыл VIII ирет тапшырылып жатат.  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: