Студенттерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде 24-февраль күнү студенттик бейтапкананын дарыгерлери менен аталган окуу жайдын студенттеринин жолугушуусу болуп өттү.  Анда дарыгерлер «Таажы» , «Кургак учук»  илдеттерине жана жаштар арасындагы зордук-зомбулук боюнча студенттерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп лекция окуп беришти.

Дарыгерлер ар-бир илдет жөнүндө өз кесибине жараша, жогорку деңгээлде студенттерге түшүндүрүп, алардын берген суроолоруна жооп беришти. Атап кете турган болсок дарыгер Ж. Иманкулованын таажы илдети тууралуу, К. Сапакунованын кургак учук оорусу тууралуу,  дарыгер Э. Качканаковдун зордук-зомбулук жөнүндөгү  маектерин студенттер менен биргеликте кызуу талкууланды .

Иш-чаранын аягында тарбия, чыгармачылык иштери боюнча проректор Э.Турганбаева сөз сүйлөп, атайын студенттик бейтапканадан бөлүнгөн медайым А.Калбаевага ушул иш-чараны уюштурууга көмөк көрсөткөнү үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, жалпы дарыгерлердин талыкпаган эмгегине алкыш айтты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: