ТЕАТР ФАКУЛЬТЕТИНИН СТУДЕНТИ КАЗЫБЕК ТОКТОБАЕВ ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН СЫНАКТА БАЙГЕЛҮҮ ОРУН ЭЭЛЕДИ

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин режиссура жана актердук чеберчилик кафедрасынын студенти Токтобаев Казыбек эл аралык онлайн сынакта байгелүү орун ээледи.

Белгилей кетсек, башкы кеңсеси Астана шаарында жайгашкан «Дүйнө таланттары» уюму тарабынан залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналып уюштурулган «Кылым карытар бир күн» аттуу проза, поэзия, сүрөт сынагы Фейсбук социалдык тармагы аркылуу онлайн форматта жүргүзүлүп, ага Кыргызстандын жана Казакстандын белгилүү акын-жазуучулары, сүрөтчүлөрүнөн түзүлгөн калыстар тобу байкоо салып турушкан. Аталган сынакка Токтобаев Казыбек «Кыргыз десе Чыңгыз көзгө элестейт» аттуу автордук ыры менен катышып, атайын диплом менен сыйланды.          

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: