Тил болсо – улут болот

ЮНЕСКО уюмунун изилдөөсүнө караганда дүйнөдө 6500 тил колдонулуп, алардын көпчүлүгү жоголуу чегине жеткен. ЮНЕСКО тарабынан 1999-жылы 21-февраль күнү Эне тилдин эл аралык күнү катары белгиленип, ошондон бери бардык өлкөлөрдө жыл сайын белгиленип келет.

Тил адамдын пикир алышуусу, элдин тарыхы, улуттук маданияты жана эртеңки келечеги. Тилсиз адамдар ойлорун билдире албайт. Кыргыз тилинин калыптануу доору байыркы замандарга барып такалат. Илгерки учурдан тарта улам байып отуруп, улам бийик тепкичке талпынып жогорулады. Жан дүйнөбүзгө ырахат тартуулаган сөз өнөрлөрү канчалаган көркөм чыгармаларды жаратышты. Ажайып кооз дүйнөгө жетелеген элдик ырлар көкүрөкко дем берип алга үндөп турат. Жашоодо адилеттүү болууга, терс сапаттардан арылууга чакырган элдик макалдар биз үчүн караңгыда нурун чачкан ай сыяктуу жаркыраса, улуттук тарыхыбызды, маданиятыбызды камтыган адабиятыбыз көз алдыбызга көркөм дүйнөнү тартып турат.

Окуу жайда жыл сайын Мамлекеттик тил жана Эне тилдин эл аралык күнүнө карата иш-чаралар байма-бай өткөрүлүп келет. Эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен бул жылы Эне тилдин эл аралык күнүнө карата оффлайн режиминде иш-чаралар уюштурулган жок. Бирок аралыктан студенттер менен жигердүү түрдө Эне тилдин эл аралык күнүнө жана Х.Карасаевдин 120 жылдыгына карата карата төмөнкүдөй иш-чаралар өткөрүлдү:

  • Эне тилдин эл аралык кунүнө карата тилдер жана адабият кафедрасынын башчы м.а., ага окутуучу Чекеева Бегайым Саматовна, кафедранын ага окутуучулары — англис сабагынын окутуучусу Чудобаева Нарина Чудобаевна, орус тил жана адабият сабагынын окутуучусу Анарбаева Гульзат Акматовна тарабынан «Тил болсо – улут болот» аттуу иш-чара өткөрүлүп, ага актерлук чеберчилик бөлүмүнүн 2-курстарынын студенттери катышышты. Театр факультетинин ага окутуучусу Макеева Кундуз Турдубековна эне тилдин эл аралык күнүнө карата көркөм окуу уюштурду.
  • Тил жана адабият кафедрасынын башчы м.а., ага окутуучу Чекеева Бегайым Саматовна актерлук чеберчилик жана оркестр дирижерлугу бөлүмүнүн 2-курсунун студенттери менен «Алгачкы лексиколог Кусейин Карасаев» аттуу иш-чара өткөрүлүп, анда улуу лексикографтын «θздөштүрүлгөн сөздөр», «Сабат ачкыч», «Орфографиялык сөздүк» аттуу эмгектеринин учурдагы актуалдуулугун чагылдырылган баяндамалар окулду.
  • Театр факультетинин ага окутуучусу, Д.Күйүкова атындагы жана К.Жантөшев атындагы Мамлекеттик эл аралык сыйлыктардын ээси Макеева Кундуз Турдубековна «Эл эмгектен эскерсин» аттуу иш-чара өткөрүп, анда улуу лексикологдун өрнөктүү эмгек жолу, «Накыл кептер» эмгеги тууралуу баяндамалар окулуп, актерлук чеберчилик бөлүмүнүн 1-курстарынын студенттери залкар окумуштууга карата көркөм ырларды окушту.

Кылым карыткан кыргыз элибиз нукура кыргыз тилинде пикир алышып, нечендеген илимий иштер, көркөм адабияттар улуттук тилибизде жазылып, өнүгүүсүнөн тайбасын, ар дайым керемет тил болуп, өз коркүнөн кетпей, босогодон эмес, төрдөн орун алып элине түбөлүк кызмат кылып, улутубуз менен бирге түбөлүккө сакталсын.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: