ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВАНЫ ЭСКЕРҮҮ КЕЧЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

Бүгүн, 20-декабрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, залкар театр жана кино актрисасы Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чараны окуу жайдын ректору, профессор Мамашарип Чотонов ачып берди. Андан соң Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Таттыбүбү Турсунбаеванын театрдагы жана кинодогу орду, актрисанын агасы, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу жана актер Нуркан Турсунбаев балалык жана студенттик жылдары тууралуу эскерип, Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова өзүнүн Таттыбүбү Турсунбаевага арнаган ырын окуду.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, режиссер Каридин Акматалиев өзүнүн «Июлдун үч күнү» аттуу тасмасына кантип тартканы, Кыргыз эл артисти, театр актрисасы Турганбүбү Бообекова, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисттери, театр жана кино актерлору Мурат Мамбетов, Калича Сейдалиева актриса менен кантип таанышканы, чогуу өткөргөн жылдары, театрда жана кинодо чогуу ойногон ролдору тууралуу эскерип беришти.

Белгилей кетсек, эскерүү кече окуу жайдын театр факультетинин жетекчилиги тарабынан уюштурулган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: