«УСТАТШАКИРТ» БОРБОРУ МЕНЕН БОЛГОН КЫЗМАТТАШТЫКТЫН 5 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ

Кечээ, 26-декабрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында аталган окуу жай менен «Устатшакирт» салттык музыка борборунун кызматташтыгына 5 жыл толгонуна байланыштуу чакан отчеттук иш-чара болуп өттү.

Иш-чарада борбордун директору Разия Сырдыбаева маалымат берип, атайын даярдалган чакан тасманы көрсөттү. Ошондой эле окуу жайдын салттык музыка жана фольклор кафедрасына колдоо көрсөтүү максатында ала келген материалдык жана каржылык жардамын окуу жайдын ректору Мамашарип Чотоновго тапшырды.

Ал эми ректор Мамашарип Чотонов аталган борбордун орду, бүгүнкү күндө жүргүзүп жаткан иштеринин маанилүүлүгү, окуу жай менен болгон кызматташтыгы тууралуу айтып, Разия Сырдыбаевага «Ыраазычылык баракча» жана чакан белегин берди.    

Белгилей кетсек, «Устатшакирт» салттык музыка борбору 15 жылдан бери оозеки салттагы профессионалдык музыка жана театр тармагы боюнча республиканын бардык аймактарына окутуу, жайылтуу, өркүндөтүү иштерин жүргүзүп, орто мектептердеги музыкалык-театралдык ийримдер үчүн усулдук колдонмолорду даярдап келет.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети менен болгон кызматташтык алкагында окуу жай борборду кесипкөй адистер менен камсыздаса, ал эми борбор окуу жайдын салттык музыка жана фольклор кафедрасына ар тараптуу жардам берип келүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: