ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫК МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТТҮ

Бүгүн, 31-октябрда Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жыйындар залында Кыргыз Эл баатыры, Кыргыз өлкөсүн 25 жыл жетектеп, көсөм жол башчы атанган, кыргыздын чыгаан инсаны Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган атайын иш-чара болуп өттү.

Анда окуу жайдын Кино жана телевидение факультети тарабынан даярдалган даректүү тасма көрсөтүлүп, Турдакун Усубалиевдин мамлекет жетекчиси катары өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы боюнча баяндамалар жасалды. Иш-чара эркин форматта өтүп, катышкан студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорго жооп алышты.   

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Подтвердите, что Вы не бот — выберите человечка с поднятой рукой: